Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Шайлоо бекеттерин экиден милиция көзөмөлдөп жатат


Добуштар саналып жаткан шайлоо бекеттеринде коопсуздук толук көзөмөлдө турат. Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Коомдук телеканал аркылуу билдирди. Анын айтымында, ар бир шайлоо бекетинде кеминде эки тартип коргоо кызматкери иштеп жатат. Шайлоонун жыйынтыктары салынган сейф-баштыкчылар да милиция кызматкерлеринин коштоосунда аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлөт.

Шайлоо коопсуздугун камсыз кылууга 6,5 миң милиция кызматкери тартылып, аларга элдик кошуундардын 14 миңдей өкүлү жардамдашаары буга чейин кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG