"Манас" аба майданы жарандык бойдон калып, аскердик максатта колдонулбашы керек. Бул тууралуу бүгүн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталып жаткан Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, "ал жерде аскердик күчтөрдүн болушу Кыргызстан үчүн коркунуч жаратат, себеби ар кандай касташкан жактардан коркунуч болушу мүмкүн".
"Манас" аба майданынын аймагында соңку 10 жылдан бери АКШнын авиабазасы жайгашып, ал Ооганстандагы антитеррордук операциянын ишке ашырылышына жардам көрсөтүп келатат. Учурда база Транзиттик жүк ташуулар борбору деп аталат. Анын контракт мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (KJ/RK)