Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Израил конуштарды тургузууну тездетет


Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Иерусалимдин четиндеги конуштарда 2 миңдей жаңы турак-жайды тургузууну ыкчамдатуу буйругун берди. Премьер Иерусалимдин жанындагы конуштар палестиндер менен тынчтык келишиминде Израилге тиет деп үмүттөнөт. Нетаняху мындай билдирүүсүн кабинеттин чукул жыйынында жасады. Өкмөт ЮНЕСКО Палестина автономиясын толук кандуу мүчө кылып кабыл алгандан кийин чогулган.

Ал эми Палестина жетекчилиги Израил палестиндер көз карандысыз мамлекет түзүүгө умтулуп жаткан аймакта үйлөрүн тургузуу менен “тынчтык процессин кыйратууну тездетүүнү чечти” деп комментариялады.

Кечээ күнкү жыйында израилдик министрлер ошондой эле Палестинага төлөмдөрдү токтото турууну чечишти.

XS
SM
MD
LG