Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Саудияда кыргызстандык зыяратчылардын бири каза тапты


Бүгүн муфтий Чубак ажы Жалилов быйылкы ажылык сапарды уюштуруу иштери тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ушу тапта Сауд Арапстандын Мекке жана Медина шаарларына Кыргызстандан 5 миңден ашуун зыяратчы барды. Ажылардын бири каза таап, дагы бирөө азыр ооруканада жатат, бирок абалы туруктуу.

Алатоолук зыяратчылар кайта 11-ноябрдан тарта мөөнөт-мөөнөтү менен кайта башташмакчы.

Былтыркы ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү бир топ ызы-чуулар менен коштолгон болчу. Атайын мыйзам кабыл алынып, быйыл сапарды уюштуруу иштери толугу менен Муфтиятка берилген. (EBM)

XS
SM
MD
LG