Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Сирияда аскерлердин колунан кеминде 20 адам каза тапты


Бул тууралуу адам укугун коргоочулар билдиришүүдө. Аскерлердин колунан адамдар өлгөнү тууралуу кабарлар бул ирет Сирия өкмөтү Араб лигасына демонстранттарга каршы күч колдонууну токтотууну убада кылгандан бир күндөн кийин түшүп жатат.

Лондондо жайгашкан сириялык укук коргоочу уюм күбөлөргө шилтеме жасап кабарлагандай, бүгүн кеминде жыйырма адам Хомс провинциясында мерт болушту.

Хомс президент Башар Ассаддын режимине каршы нааразылык акцияларынын очогу катары саналат.

Улуттар Уюмунун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталган март айынын ортосунан бери 3000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин ушул шаршембиде Каирдеги жыйынында жетишилген макулдашуу боюнча Сирия өкмөтү нааразылык акциялары өтүп жаткан жерлерден аскерлерин чыгарып кетүүнү убада кылган.

Бирок макулдашууда аскерлерди алып кетүүнүн так мөөнөтү көргөзүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG