Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Бишкектеги кафеде ондогон адам ууланды


Бул тууралуу шаардагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш бөлүмүнүн башчысы Махамад Мырзашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында “Арал” кафесинде 5-ноябрда аш берилип, ага 150 адам катышкан. Ашка келгендердин 50дөн ашыгы эртеси күндөрү ичи ооруп, кусуп, эти ысып ооруканага кайрылган. Азыр 40тай киши ооруканада жатат.

Мырзашев ашка Талас жана Чүй облусунан да адамдар келгенин, алардын да арасында абалы начарлар бар экенин, кафеден эт ороп кеткендердин үй-бүлө мүчөлөрү да ууланганын маалымдады. Анын айтымында ооруканага жардам сурап кайрылгандар ашта тартылган чучуктун кандайдыр бир даамы, жыты болгонун айтышкан.

Кафенин ээлери тамак-аштын баарын аш өткөргөн тарап алып келгенин, “Аралда” эт гана бышырылганын билдиришкен. Азыр кафе убактылуу жабылып, айып пул салынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG