Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Оштун айрым үйлөрүндө жылуулук жок экени айтылууда


Ош шаарынын айрым үйлөрүндө жылуулук жок болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" өзүн Анара деп тааныштырган угарман билдирди. Анын айтымында, учурда шаарда кар жаап жатат, суук. Ал жашаган көп кабаттуу үйдүн батиринде жылуулук жок.

Ош мэриясынын шаардык чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Рамановдун "Азаттыкка" билдиришинче, шаарга жылуулук 1-ноябрдан тарта бериле баштаган. Ушу тапта шаар ЖЭЦи (Жылытууэлектрцентралы) толугу бойдон жана Жылуулук камсыз кылуу ишканасынын 50 буу казанынын баары тең иштеп жатат. Рамановдун айтымында, айрым үйлөрдүн ичиндеги техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу жылуулук жетпей калганы боюнча арыздар бар. Алар боюнча иштер аткарылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG