Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

Балыкчы: Май сактоочу кампадагы өрткө кампа башчысы күнөөлү экени айтылууда


Кыргызстандын Чек ара кызматынын Балыкчыда жайгашкан №2064 аскер бөлүгүнүн май сактоочу кампасында 400 лирт бензин, 220 литр дизел май жана 24м² жыгач тосмо күйүп кетти. Кырсык 8-ноябрдын кечинде болгонун бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, өрттү өчүрүп жаткан убакта 5 адам денесинен күйүк алып, Балыкчы шаардык ооруканасынын күйүк бөлүмчөсүнө жеткирилген. Төртөө - өрт өчүрүүчүлөр, бешинчиси - май сактоочу кампанын башчысы, прапорщик Шамшудинов. Кампа башчысы мас абалында тамеки чегип, этиятсыздыктан өрт чыкканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG