Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Дароот-Коргондо жааган кардын калыңдыгы бир метрге жетти


Ош облусунун Дароот-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылында жааган кардын калыңдыгы бир метрге чамалап калды. бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ал жерде кар туткунунда калган малга жем-чөп жеткирип берүү аракеттери жасалууда.

Мурда кабарлангандай, Оштун Чоң-Алай районунун жайлоосунан Баткендин Кадамжай районуна кайтып келе жаткан 9 короо кой жана 20 адам кар туткунунда калышты. Жем-чөп жетишпегенинен койлор кырылып калуу коркунучу бар. (RK)

XS
SM
MD
LG