Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

Акаев менен Бакиев “экс” макамынан ажырашы мүмкүн


Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден экс-президент макамын алып салуу демилгеси көтөрүлдү. Бул багытта мыйзам долбоорун даярдап жаткан Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” өз ыктыяры менен кетпеген президенттерге бул макам берилбей турганын билдирди. Президент Кыргызстанда төрага же премьер-министр жок болсо, сыртка чыгып кете албайт деген чектөө киргизилгени жатат. Президенттин иштөөсүнүн кепилдиги берилет. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин көз карашы боюнча, ал жаңы президент такка отураардан мурун кабыл алынып, күчүнө кириши керек. Текебаевдин айтымында, мурда эки мыйзам болгон: “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги” жана “Экс-президент, биринчи президент жөнүндө”. Баарын бириктирип, азыр “Президент жөнүндө” мыйзам иштелип чыгып жатат. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG