Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз району бүгүн өзүнүн 80 жылдыгын майрамдап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук администрациянын маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди. Майрамдык иш-чаралар Кызыл-Суу айылында өтүп жатат. Ага Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев жана парламент депутатттары катышууда. Маараке Каракол шаарындагы Тагайбий баатырдын эстелигинин ачылышы менен башталды. Жети-Өгүздүн кулуну Тагайбий баатырдын эстелиги 5 жыл мурун эле тургузулуп, бирок расмий ачылышы болгон эмес. 80 жылдыкка карата 80 боз үй тигилмек, бирок боз үйдүн саны 60ты түздү. Улуттук спорт оюндары менен коштолгон майрамга 5 миңге жакын киши чогулган. Аны уюштурууга "Мегаком" компаниясы жардам берди. (MK/RK)