Италия парламентинин жогорку палатасы - Сенат өлкөнү финансылык кудуретсиздиктен куткарууга багытталган экономикалык реформалардын пакетин бекитти. Планда мамлекеттин менчигиндеги мүлктөрдү сатуу да сунушталган. Эгер бул долбоорду парламенттин төмөнкү палатасы ишемби же жекшемби күнү колго салат. Премьер-министр Силвио Берлускони "кризиске каршы чаралар тутумун парламент бекитер замат кызматтан кетем" деп сөз берген.