Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

УКМК: Чек араларды кайтаруу күчөтүлдү


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Казакстандын Тараз шаарындагы чабуулга байланыштуу чек араларда коопсуздукту сактоо чаралары күчөтүлгөнүн билдирди. Өлкөнүн тартип коргоо органдары терроризмге каршы оперативдик-иликтөө иштерин жандандырганын маалымдады. Чек аралаш аймактарда туруксуздукка алып келчү окуялардын алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын Талас облусуна жакын Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Тараз шаарында 12-ноябрда жардыруу жана атышуу болуп, андан жети адам мерт болгон. Алардын бешөө тартип коргоо органдарынын кызматкерлери. Казак прокуратурасы чабуулду исламчыл согушкер уюштурганын билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG