Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Италия менен Грециянын карыз кризисин чечүү кадамы Азия биржаларын жандантты


Азия өлкөлөрүнүн баалуу кагаздар базарларында индекстердин көтөрүлүүсү бүгүн эртең мененки соодада байкалды. Мунун алдында кечээ Евробиримдиктин үчүнчү ири экономикасы – Италияда президент Жорджо Наполитано өлкөнүн жаңы өкмөтүн куроону Еврокомиссиянын мурдагы мүчөсү, окумуштуу экономист Марио Монтиге тапшырган эле.

Жаңы премьер-министр инвесторлорду жана базарды Италия карыз кризисин эл аралык жардамысыз эле жөндөй аларына ишендире алуучу өкмөттү куроосу керек.


Евробиримдиктин карызга баткан дагы бир өлкөсү Грецияда жаңы премьер-министр Лукас Пападемос бүгүн парламентке Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун өлкөнү дефолттон сактоочу насыясынын кийинки 8 миллиард евросун алыш үчүн реформа жана үнөмдөө боюнча чараларды ишке ашыруу зарылдыгын айтып, кайрылары күтүлүүдө.

Пападемостун жаңы өкмөтүнө ишеним көргөзүү маселеси грек парламентинде шаршемби күнү добушка салынган жатат.

Грециянын кредиторлору болгон Европа Биримдигинин, Эл аралык валюта корунун, Европанын Борбордук банкынын инспекторлору өлкө каржы системасын канчалык турукташтыра алганын баалоо үчүн бүгүн Афинага келери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG