Бүгүн Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылында жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде былтыркы апрель окуясында курман болгондорго күмбөз коюлду. Кабарчыбыздын билдиришинче, ошол жерде жаткан сталиндик репрессиялардын жана апрель окуяларынын курмандактарына багышталып куран окулду. Эскерүү иш-чарасына президент Роза Отунбаева, курман болгондордун жакындары катышышты.
Үстүндө түндүк орнотулган үч бурчтук түрүндөгү эстелик-комплекстин бийиктиги 8, туурасы 7 метр. Ал кызыл мрамор таштан жасалган. Ар бир сөөк коюлган жердин тушуна аты жөнү кара ташка басылып жазылды.
2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликке каршы митинг учурунда набыт болгон 83 адамга баатырлык наам ыйгарылган. Алардын 28-инин сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган.
20 жыл мурда "Ата-Бейитте" өткөн кылымдын отузунчу жылдарында улутчулдук деген кине менен сталиндик репрессияга кабылган 137 кыргызстандык жарандын, кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн сөөгү коюлган. (MiT/RK)