Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

ВИЧке чалдыккан балдардын Ак үй алдына келген энерлерине эч ким чыга элек


Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ инфекциясы жуккан балдардын энелеринин митинги ушу тапта да уланып жатат. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында саат үчтөн бери турган энелерге эч ким чыккан жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" митингчилер өзүлөрү кабарлашты.

Он чакты эне балдары менен чогуу турушат. Алар 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлеринин жазага тартууну, балдарга бул дарттын жугуу окуяларына бөгөт коюуну, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү жана 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат. Бул талаптар аткарылмайын кетпей турганын эскертишүүдө.

Республикалык СПИД борборунун маалымдашынча, Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен жашап жүргөн балдардын расмий саны эки жүздүн тегерегинде. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG