Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Бишкекте кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланууда


Бишкекте кыргыз-тажик чек ара маселеси 13-ноябрдан бери талкууланып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаев билдирди. Тажикстан тараптан 20 адамдан турган комиссия келген. Тезекбаевдин айтымында, бул жолу Чоң-Алайдагы Алтын-Мазар жайлоосу боюнча маселе талкууланды. Ар бир тарап өз далилдерин айтышты.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эртең протоколго кол коюлат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 70тей такталбаган жер бар. Ош облусундагы эки өлкө чек арасынын 80 пайыздан ашууну такталып бүткөн. Ал эми Баткенде тактоо иштери жүрүүдө. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG