Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Орусиялык музыка өнөрпоздору - Бишкекте


Орусиянын дүйнөлүк атак-даңкка ээ Мариинский театрынын аткаруучулары Бишкекке келишти. Ушул күндөрү өтүп жаткан Орусиянын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында алар Бишкектин музыка ышкыбоздоруна концерттерди тартуулап жатышат. Эртең Санкт-Петербургдан келген музыканттар Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери үчүн мастер-класстарды өткөрүшөт. Бул тууралуу консерваториянын проректору Екатерина Лузанова билдирди.

Фортепиано боюнча көрсөтмө сабактарды искусствого эмгеги сиңген ишмер Сергей Мальцев, скрипка боюнча эмгеги сиңген артистка Мария Сафарьянц, виолончель боюнча эмгеги сиңген артист Сергей Словачевский өткөрүшөт.

Орусиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү 16-20-ноябрда Бишкекте жана Кантта өтүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG