Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

CAFMI: кыргыз милициясынын курамын толук жаңылоо керек


Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө иштери боюнча жетекчиси Азиз Иса кыргыз бийлигине кайрылып, милицияны реформалоонун 3 кадамын сунуштады. Биринчиден, кыргыз милициясын толук курамы менен кызматтан алып, ордуна пара албаган, жогорку билимдүү жаңы кызматкерлерди жумушка алуу.

Экинчиси, милициянын айлык акысын жогорулатуу, үчүнчүсү, демилитаризация. Азиз Иса “Азаттыкка” билдиргендей, элдин милицияга ишеними боюнча сурамжылоо өткөрүү керек, эгерде ишеним аз болсо, анда ички иштер министрин алмаштыруу зарыл.

Бирок Ички иштер министрлиги милициянын ишин жакшыртууда көп этаптуу реформалар акырындык менен ишке ашып келатканын айтып келишет. (JAk)

XS
SM
MD
LG