Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Түркиянын премьери Сирияда "Ассаддын күнү бүтүп калды" деди


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Сириянын президенти Башар ал-Ассадга “анын лидер катары күнү бүтүп баратканын” эскертти.

Бүгүн Стамбулда сүйлөп жатып, Эрдоган: “Сирияда Ассад танкалары менен курал-жарагына белгилүү бир убакытка чейин гана ишене алат”, – деди. Соңку кездери Сирияда оппозицияга каршы репрессияны түрк жетекчилиги ачык сындап жаткан.

Бул билдирүүнүн алдынан бүгүн Түркиядагы маалымат каражаттар Сириянын түндүгүндө түрк зыяратчыларын ташып бараткан автобустар аткылоого кабылганын, эки түрк жараны жарадар болгонун кабарлашкан эле.

Ал арада Сириянын өзүндө борбордук Хомс провинциясында коопсуздук күчтөрү кеминде төрт адамды өлтүрүшкөнүн оппозициялык активисттер кабарлашты.

Лондондо болсо бүгүн Сириянын оппозициясынын өкүлдөрү британ тышкы иштер министри Уиллиам Хейг менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG