Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Ителгилерди тымызын алып кетем деген адам кармалды


Бишкектин "Манас" аэропортунда 4 ителги кушту жашыруун алып чыгууга аракеттенген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аэропорттун маалымат катчысы Жыпар Исраилова билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ кечинде болгон. Бириккен Араб Эмираттарынын жараны алып кетүүгө аракеттенген ителгинин түрү Кызыл китепке кирген.

Кылмышка шектүү адам Бишкек-Дубай каттамы боюнча учуп кетмек. Көмүскө базарда ителгинин баасы 10-15 миң долларга жетээри айтылууда. Аларды Перс булуңундагы өлкөлөрдө жашаган шейхтер аңчылыкка көп пайдаланышат. (RK)

XS
SM
MD
LG