Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Египет: Аскерий жетекчилик саясый кризисти токтотуу аракетинде


Египетти башкарган аскерий кеңештин башчысы, фельдмаршал Хусейн Тантави бүгүн кечинде өлкө жарандарына кайрылат. Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңеши кризисти жөнгө салуу үчүн Египеттеги ири партиялар менен сүйлөшө баштаганы да кабарланды. Бу тушта ири шаарларда аскерий башкарууну токтотуп, бийликти граждандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылган демонстрациялар уланууда.

Акыркы ырасмий маалыматка ылайык, ишемби күндөн бери полиция менен демонстранттар арасындагы тирештерде кеминде 24 киши набыт болгон. Нааразылыктын очогу эсептелген Каирдин ортосундагы Тахрир аянтында бүгүн кечке жуук калың эл чогулаары айтылууда. Египеттин жарандык өкмөтү дүйшөмбү күнү отставкага кетүү жөнүндө арызын берип, бирок аны Аскердик Кеңеш четке кагып койгон.

XS
SM
MD
LG