Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

ЗАГСка чейин нике кыйган молдолорго айыппул салуу сунушталды


Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнундөгү мыйзамга жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү мыйзам долбоорун жактырды. Аны демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева жактады.

Мыйзам долбоору аялдардын, балдарын укуктарын коргоого багытталган. Аны менен катар жоопкерчилик маселеси да каралып жатат. Мамлекеттик каттоого алынбаган жаш жубайлардын никесин кыйган молдолорго 1 000 сом айыппул салуу жоопкерчилиги каралган. Талкуунун жыйынтыгында айыппулдун көлөмүн 10 000 сом өлчөмүндө көрсөтүү менен мыйзам долбоорун колдоо чечими кабыл алынды.

Мыйзам күчүнө кириш үчүн жалпы парламентте кабыл алынып, ага президент кол коюушу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG