Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:51

Бишкек - Ош унаа жолу убактылуу жабылат


Бүгүн саат 18:00дөн эртеңки саат 08:00гө чейин Бишкек - Ош автоунаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Жалал-Абаддын Токтогул районунун Арал айылындагы постто, Чүйдүн Жайыл районундагы Сосновка айылындагы постто жана Таластын Талас районундагы Талды-Булак постунда жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мындан сырткары Бишкек - Ош жолуна карай жүрүүчү Кочкор-Арал – Төө-Ашуу жолу да убактылуу жабылат.

Кечээ Төө-Ашууда бир метрге жеткен кар жааган. Суусамыр өрөөнүндөгү тоолуу жолдорго кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу кечээ кечинде да жол жабылган болчу.

22-ноябрдан баштап 24-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана жолдордун тайгак болуусу күтүлүүдө деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскерткен болчу. Өткөн аптада Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү астында бир адам каза болгон.(RK)

XS
SM
MD
LG