Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Казакстанда активист өзүн каматкан сотту сотко берет


"Азаттыктын" Казак кызматы билдиргендей, оппозициядагы Казакстандын Социалисттик кыймылынын өкүлү Жанна Байтелова Алматынын шаардык административдик сотун шейшембиде сотко берди. Ал "Азаттыкка" «август айында мурда кесилгендерге гана колдонулуучу берененин негизинде соттолгонун билдирди. Байтелова Алматыда 17-августта бийликтеги Нур-Отан партиясынын кеңсесин пикеттеп жаткан жеринен дагы эки активист менен кошо камакка алынган. Алар Казакстандын башытындагы Мангыстау дубанында иш таштаган мунай жумушчуларынын адвокаты Наталя Соколованы камактан бошотууну талап кылышкан. Жүздөгөн жумушчулар Мангустауда айлыкты көтөрүү, көз карандысыз кесиптик кошуундардын ишине коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана чет элдик жумушчулар менен бирдей укуктарды камсыздоо талабы менен май айынан бери иш ташташууда.

XS
SM
MD
LG