Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Түптө балдар мушташып, бирөө каза болгону айтылууда


Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айылында мектеп окуучуларынын арасында мушташ чыгып, бир бала каза болду. Бул маалыматты "Азаттыкка" айыл башчысы Жайлоо Бектурсунов тастыктады. Окуя ушул түнү болгону айтылууда. Райондук милиция окуя болгонун тастыктап, бирок чоо-жайын азырынча айта элек. Айрым маалымат булактары ур-токмокко алынган бала каза болбогонун, учурда ал ооруканада оор абалда жатканын билдиришүүдө. (EBM/MK/RK)

XS
SM
MD
LG