Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Аба ырайы: 25-ноябрда жаан-чачын күтүлөт


Шашылыш билдирүү
Ноябрдын 25-28-де жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жолго чыкпоо сунуш кылынат.


Аба ырайы
25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жолдор тайгак, тоңголок болот. Сыдырым жел жүрөт, Ысык-Көл акваториясында шамал батыштан, ылдамдыгы 15-20 м/с.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 1...6,
Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,
Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3 градус, күндүз 3...8,
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -4...+1.
Тоолордо түнкүсүн -8...-13 градус, ал эми күндүз -2...-7.

Бишкекте түнкүсүн мезги-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт. Күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градус суук, күндүз 3...5 градус нөлдөн жогору болот.

XS
SM
MD
LG