Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Кыргыз, өзбек артисттери “Коңшулар” спектаклин акысыз көрсөтүп жатышат


Жалал-Абаддагы кыргыз Барпы жана Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театрларынын артисттери “Коңшулар” спектаклин көрүүчүлөргө акысыз тартуулап жатышат. Ош облустук бийлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, спектаклде улуттар аралык ынтымакты бекемдөө темасы көтөрүлгөн. Бул иш-чараны АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча ЮСАИД агенттиги колдоого алгандыктан, спектакль калкка акысыз коюлууда. Ал Садыралы Абдукеримовдун ушул аталыштагы чыгармасы боюнча даярдалган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG