Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Египетте парламентке шайлоо башталууда


Каирдеги демонстрациялардын бири
Каирдеги демонстрациялардын бири
Быйыл февралда президент Хосни Мубарак ыңкылап жолу менен бийликтен кулатылгандан бери алгачкы жолу бүгүн өлкөдө парламентке шайлоо башталганы жатат.

Элдик Ассамблея же парламенттин төмөнкү палатасындагы 498 орун үчүн күрөш үч этаптан жүрөт жана январдын этегинде аяктайт. “Мусулман агаиндер” өңдүү исламчыл партиялар жеңишке жетиши мүмкүн деп болжошууда.

Бүгүнкү шайлоонун алдынан өлкөдө аскерий жетекчиликтен бийликти тезирээк жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылган кандуу калайман да болуп кетти. Өткөн аптадагы башаламан демонстрацияларда 42 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG