Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кароону улантат


Эртең Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Жазында болгон соңку териштирүүдө Аскаровдун жактоочусу сотко кайрылып, укук коргоочунун кармалып жаткан жайын текшерип чыгуу өтүнүчүн билдирген. Өтүнүчтү канааттандыруу үчүн соттук жараян белгисиз мөөнөткө жылган болчу.

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров Базар-Коргондо былтыркы улут аралык жаңжал учурунда массалык башаламандык уюштурган, улут аралык кастыкты козуткан, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып менен Базар-Коргон райондук соттун өкүмү менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Бул өкүмдү Жалал-Абад облустук соту да күчүндө калтырган. Жактоочулар бул өкүмгө макул болбой Жогорку Соткө көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Аскаровдун өзү айыптарды четке кагып, укук коргоочулар ал күнөөсүз экендигин айтып келишүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG