Түп районунда окуучунун өлүмүнө байланыштуу милиция, билим берүү министрлиги жана жергиликтүү бийлик жоопко тартылышы керек. "Балдардын укуктарын коргоо лигасы" бүгүн ушундай билдирүү таратты. Анда мектептеги рэкет проблемасын жаап-жашырган сайын маселе курчуп баратканы айтылат. Мындай факттар тууралуу ачык айткан мугалим, милиционерлерди жазалоого тыюу салуу керектиги айтылды. Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылында 11-класстын окуучулары өзүнөн кичүүлөрүнөн акча чогултуп берүүсүн талап кылып ур-токмокко алышкан. 9-класстын окуучусу Аманбек Байгазиев каза болгон. (RK)