Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

АКШ менен Германия Сирияга каршы чара көрүүгө чакырышты


АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Сьюзан Райс эл аралык коомчулук алда качан эле чечкиндүү чараларга барышы керек эле деди. Германиянын өкүлү Петер Виттинг да анын оюн колдоду.

Бул эки өлкө Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Сирияда өкмөт оппозициянын демонстрацияларын зөөкүрлүк менен басып жатканына каршы чара көрүүгө чакырышууда. Батыш өлкөлөрүнүн Сирияга каршы чара көрүү боюнча буга чейинки аракетин Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө Орусия менен Кытай колдобой коюшкан.

Кечээ Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Сириянын бийлигин “адамгерчиликке каршы кылмыштар” үчүн айыптап, режим адам өлтүрүүлөр, кыйноолор жана жаш балдарды зордуктоо өңдүү оор кылмыштар үчүн жооптуу экенин айткан.

Ал доклад чыкканга чейин Арап лигасы президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы экономикалык санкцияларды киргизген эле.

XS
SM
MD
LG