Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Египетте бүгүн шайлоонун экинчи күнү


Көп баскычтуу шайлоо келерки жылдын март айында барып жыйынтыкталат. Шайлоонун кечээ башталган биринчи айлампасында парламенттин төмөнкү палатасы үчүн өлкөнүн 27 провинциясынын тогузунун тургундары добуш берүүдө.

Шайлоонун дагы эки айлампасы январь айынын соңуна белгиленген. Андан кийин парламенттин жогорку палатасы шайланат. Орундардын көбүн “Мусулман агаиндер” исламчыл тобу алары күтүлүүдө.

Шайлоо алдындагы тополоңдорго карабай, кабарларга караганда, кечээги добуш берүү тынч өттү. Египетти узак жыл башкарган Хосни Мубарак кулатылгандан кийин бийликти колго алган аскерий кеңештин башкаруусу токтотулушун талап кылган демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан 40тан ашуун киши каза тапкан.

Аскерий бийлик президенттик шайлоону келерки жылдын июнунда өткөрүүнү убада кылууда. Аны утурлай парламент жаңы Конституциянын долбоорун даярдоочу комитет түзүүсү керек.

XS
SM
MD
LG