Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Бишкекте майыптардын укуктарын коргоо боюнча акция өтүп жатат


Ушу тапта Бишкекте кыргыз парламентин Бириккен Улуттар Уюмунун майыптардын укуктары жөнүндөгү конвенциясына кошулууга үндөгөн акция өтүп жатат. Уюштуруучулардын "Азаттыкка" билдиришинче, иш-чара Жогорку Кеңештин алдында башталды. Бирок инаугурацияга байланыштуу көрүлүп жаткан коопсуздук чараларынан улам эски аянтка жылды.

Укук коргоочулардын айтымында, аталган конвенцияга кошулса, Кыргызстанда майыптардын укуктарын коргоого кошумча өбөлгө болот.

Майыптардын укуктары боюнча конвенция БУУнун адам укуктары багытындагы негизги тогуз документинин бири болуп саналат. Ал 2006-жылы декабрда кабыл алынган.

Кыргызстанда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 133 миң экени айтылып келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG