Президент Хамид Карзай шийилердин ибадатканасына болгон чабуулдан кийин Германия менен Британияга сапарын токтотконго аргасыз болду.
Кечээ борбор шаар Кабулдагы шийи ибадатканасында жүздөгөн эл диний майрамга чогулган маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Жардырууда кеминде 55 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 160 ашууну жарадар болду.
Ал окуяга удаа эле түндүктөгү Мазари-Шариф шаарында да бомба жарылып, кеминде төрт адам набыт болду. Ооганстанда буга чейин шийилерге каршы мынчалык кандуу чабуул болгон эмес.