Ош облусуна караштуу Алай районунун Мурдаш айылындагы “Жоогазын” бала бакчасында мештин жана мордун туура эмес орнотулганынан улам от чыгып, бир бөлмөсүнүн үстү күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя кечээ түшкө жакын болгон. Өз убагында көрүлгөн чаралардан улам, эч ким жабыркаган жок. (SE/RK)