Орусияда кечээги массалык демонстрациялардан кийин бийлик элдин жакындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразылыгы бар экенин “моюнга алды”. Премьер-министр Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков: “Эл тополоң кылбай, мыйзамды сыйласа, нааразылыгын билдиргенге укугу бар”, - деди.
Кечээ Орусиянын 80 шаарында он миңдеген эл көчөгө чыгып, 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, жаңы шайлоо өткөрүп, ага оппозициялык партияларды да катыштырууну, дагы бир топ талаптарды койгон болчу. Азыраак сандагы эл бүгүн да өлкөнүн бир топ шаарларында митингге чыкканы кабарланууда. Москвадагы Болотная аянтына бүгүн улутчул жаштар чыгышты.