Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Ошто Келдибековдун тарапкерлери губернаторду укпай коюшту


Ош мэриясынын алдына Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери митингге чыгышты. Чогулгандардын саны беш жүздөн ашык адам экенин кабарчыбыз билдирет. Алар Келдибековду каралоо өнөктүгүн токтотууну, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мандатын тапшырып берүүсүн, президент Алмазбек Атамбаев алар менен жолугушуусун талап кылышууда. Облус губернатору Сооронбай Жээнбеков митингчилердин алдына чыгып, алардын тарап кетүүсүн, коюлган талаптарын борбордук бийликке жеткирээрин айтты. Бирок митингчилер аны укпай, нааразылык акциясын улантып жатышат. Бүгүн парламентте "Ата Мекендин" сунушу боюнча Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселе талкуулана баштады. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG