Кыргызстан мусулмандарынын диний башчысы, муфтий Чубак ажы Жалилов сотко кайрылды. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Ормон Шаршенов "Вечерний Бишкек" гезитинде жарыяланган макалада муфтийдин абройуна жана кадыр-баркына шек келтирген деп эсептейт. "Аллах все видит" деп аталган макала ушул жылы 25-ноябрда чыккан. Моралдык жана материалдык зыян боюнча доо арызды Бишкектин Свердлов райондук соту карайт. Макаланын автору анда эки тараптын тең пикири берилгенин айтууда. (ZB/RK)