Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Акыйкатчы Суталиновдун үй камагына чыгарылышын сындады


Акыйкатчы Турсунбек Акун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүн айыптаган билдирүү таратты. Анда сотто үй камагына чыгаруу чечими заматта кабыл алынганы, башка айыптоочулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү айлап каралбай турганы айтылат. “Бул апрель окуяларында шейит кеткендердин арбагына шек келтирет”,- деп белгиленет билдирүүдө.

Апрель окуялары боюнча 1,5 жылдан ашык убактан бери издөөдө жүргөн атайын кызматтын мурунку жетекчиси Суталинов сотто кечээ күтүүсүз пайда болгон. Ал сот залында камакка алынып, бирок сот адвокатынын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канаатындыруу менен аны үй камагына чыгарган. (EBM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG