Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

ЭВКнын башчысы дүйнөлүк экономиканын келечеги бүдөмүк деп эсептейт


Кристин Лагард бул тууралуу Вашингтондо, АКШ Мамлекеттик департаментинде сүйлөгөн учурунда айтты. Ал белгилегендей, эгер проблемалар чечкиндүү түрдө жөнгө салынбаса, глобалдык экономика дүйнө 1930-жылдары Улуу депрессияга кабылгандай коркунучтарга туш келүүсү мүмкүн. Лагарддын айтымында, учурдагы жагдай бардык өлкөлөрдөн чара көрүүнү талап кылат:

- Бул бардык экономикаларга тиешелүү, экономикалар ортосунда эбегейсиз карым-катнаш бардыгын эч ким талашпаса керек. Дүйнөдө кирешеси аз, орто, өнүгүп келе жаткан же өнүгүп кеткенине карабай, биз күбө болгон, жайылмак тургай курчуп жаткан кризистен сактана ала турган бир да экономика жок.

Эл аралык валюта корунун башчысынын мындай сөздөрү Fitch рейтинг агенттиги кечээ дүйнөнүн ири алты банкынын рейтигин төмөндөткөн учурда айтылды.

Fitch америкалык Goldman Sachs жана Bank of America, британдык Barclays, франциялык BNP Paribas, немецтердин Deutsche Bank жана швейцариялык Credit Suisse банктарынын жашоого туруктуулук рейтингин түшүрдү.

Агенттиктин билдирүүсүндө айтылгандай, алар “каржы базарлары кабылган тобокелчиликтер күчөөсүнүн алдында абдан аялуу болуп турат”.

XS
SM
MD
LG