Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Орусия БУУга Сирия боюнча резолюция долбоорун киргизди


Москва БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү арасында тараткан резолюция долбоору Сириядагы режимге өлкөдөгү кан төгүүнү токтотуусу үчүн кысым көргөзүүнү максат кылат.

Кабарларга караганда, Батыш өлкөлөрүнүн элчилери сунуш кылган текстти Сирия режимине кысым көргөзүү үчүн жетишсиз деп эсептешип, бирок Орусия менен сүйлөшүү ниетин билдиришүүдө.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, Вашингтон резолюция боюнча макулдашууга жетүү үчүн Орусия менен иштешүүгө даяр.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркиндин айтымында, алар даярдаган резолюция долбоорунда Сирия бийлигинин дарегине кыянатчылыктарды токтотуу чакырыгы айтылат. Текстте санкциялар жөнүндө сөз болбойт.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерге вето салуу укугуна ээ беш мүчөсүнүн экөөсү: Орусия менен Кытай буга чейин өлкөдөгү кан төгүү үчүн жоопкерчиликти негизинен Сирия режимине жүктөгөн долбоорду колдоодон баш тартышкан.

БУУнун эсебинде, Сирияда жаңжал башталган тогуз айдан бери 5 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG