Бүгүн эртең менен Египеттин башкалаасында нааразылыкка чыккандар бир нече автоунааны өрттөп, өкмөттүк комплекстин кароолчуларын таш менен койгулашкан. Полиция акциянын катышуучуларын таратуу максатында асманга ок чыгарды, азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Каирде өкмөт имаратынын алдында отургандардын нааразылык акциясы 3 аптадан бери уланууда. Алардын максаты – Египеттин жаңы премьер-министри Камала ал-Ганзурини өкмөт имаратына киргизбөө. Акциянын катышуучулары Камала ал-Ганзурини мурдагы президент Хосни Мубарактын тушундагы режимдин өкүлү деп санашат.