Өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу долбоор бүгүн коалицияга кирген фракцияларда талкууга алынып, сунуштар каралып чыгат. Мындай чечим кечээ коалициянын жалпы жыйынын соңунда кабыл алынды. 19-декабрда премьерликке бирдиктүү талапкер катары сунушталган Өмүрбек Бабановдун өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча долбоорун сунуштаган. Анда долбоор кабыл алынса, өкмөттө 7 мекеме жана анда иштеген 3 миңден ашык мамлекеттик кызматкер кыскарып, 1 миллиард сом үнөмдөлөрү кабарланган. (KKs)