Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Атамбаев орус жана казак лидерлери менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы жумушчу сапарынын алкагында казак башчысы Нурсултан Назарбаев жана Орусия президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка” Москвадан кабарлады. Ырасмий маалыматка ылайык, бул жолугушууларда Кыргызстан менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка басым жасалды. Алмазбек Атамбаев ЕврАзЕШ, ЖККУ жана КМШнын жыйындарына катышуу үчүн Москва шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Бул Атамбаевдин президент болуп шайланган кийинки чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары болууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG