Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

24-декабрда Москвада 40 миң киши митингге чыгууга даяр


Ишембиде Москванын Академик Сахаров атындагы проспектисинде пландалган «Таза шайлоолор үчүн» деген ураан менен өтчү митингге 40 миңден ашуун киши чыгууга даярдыгын интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу билдиришет.

150дөн ашуун маданий ишмерлер ачык кайрылууга кол коюп, орусиялыктарды митингге чыгууга үндөөдө.

Дүйшөмбүдө митингди уюштуруу комитетинин жыйыны болуп, 24-декабрда эл алдына чыгып сүйлөй тургандарды интернетте добуш берүү аркылуу аныктоо чечилди.

Оппозициялык саясатчылар Борис Немцов менен Владимир Рыжков «Путинге бир дагы добуш жок» деген ураанды сунуш кылды.

Журналист Леонид Парфенов болсо бийлик элдин талабына премьер-министр Владимир Путин түз эфирде «кемсинткен» жол менен жооп бербеши керектигин эскертти.

12-декабрда Москвада өткөн нааразылык митингге 50дөн 100 миңге чейин адам катышкан.

XS
SM
MD
LG