Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Сириянын түндүгүндө ондогон киши мерт болду


Бул тууралуу активисттер билдирүүдө. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген оппозициялык уюмдун билдиргенине караганда, алар өлкө түндүгүндөгү Идлиб деген провинцияда кечээ коопсуздук күчтөрүнүн колунан мерт болгон 56 жарандын жана активисттин ысымын документтер менен тактаган. Өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу ыктымал.

Сириядагы окуяларды башка булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес. Анткени өкмөт көз карандысыз маалымат каражаттарынын кабар таратуусуна тыюу салган. Өлкө түндүгүндө ондогон адамдын өмүрү кыйылганы тууралуу акыркы жаңылык Сирияга кан төгүүнү токтотуу боюнча пландын ишке ашуусун көзөмөлдөө үчүн Араб лигасы уюмунун байкоочулар миссиясы келер алдында түштү. Байкоочулардын алгачкы тобу Дамаскка эртең, ал эми толук курамы ушул айдын соңуна чейин келүүсү керек.

Улуттар уюмунун эсебинде, быйыл март айынан тарта президент Башар Ассаддын режимине каршы чыккан демонстранттар күч менен басылуусунан кеминде 5000дей адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG