Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Энергетикалык түйүндүн иштен чыгышы иликтенет


Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын айрым аймактарында электрдин үзгүлтүккө учурашына алып келген аварияны атайын комиссия иликтей турган болду. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, үч өлкөнү жарык менен жабдыган бирдиктүү энергетикалык түйүндүн иши акыркы эки күндө бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. Натыйжада Казакстандын түштүк аймагы, Өзбекстандын айрым бөлүгү жана Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Соңку авария 21-декабрь кечке жуук катталып, Кыргызстан түндүгүнө чектөө киргизилген. Натыйжада үч өлкөнүн адистеринен турган комиссия Ташкенде иликтөө жүргүзүп, энергетикалык түйүндүн эмне үчүн иштен чыкканын аныктап чыгууга тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG