Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

АКШ элчилиги Аскаровго чыккан чечимди сындайт


Бишкектеги АКШнын элчилиги Жогорку Сот укук коргоочу Азимжан Аскаров жана калган жети соттолуучуга чыккан мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтырганын “көңүл иренжиткен” чечим деп баалайт.

“Бул чечим бардык эркин жана демократиялык коомдун негизин түзгөн - мыйзамдын үстөмдүгү менен жарандардын укуктарын коргоо принцибинен тайып бараткандыкты көрсөтөт”, - деп айтылат 21-декабрда элчилик тараткан билдирүүдө.

АКШ башка бир катар байкоочулар менен бирге ишти караган баштапкы жана андан кийинки сот баскычтарында айыптаган тараптын далилдери жетишсиз экенин, ошондой эле кыйноолор колдонулушу дагы мүмкүн экендиги тууралуу суроолорду койгон.

Андан сырткары сот жараяндары адвокаттарды, күбөлөрдү, сотторду коркутуу, ал тургай күч колдонуу фактылары менен коштолгону билдирүүдө айтылат. Элчилик Жогорку Соттун чечими иш боюнча өтүп жаткан, учурда сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган жүздөгөн айыпталуучулардын тынчсыздануусун пайда кылаарын дагы баса белгилейт.
XS
SM
MD
LG