Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Эркеч-Там жолунда калган айдоочуларга куткаруучулар жөнөп кетти


Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунда калган айдоочуларга жардам берүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук куткаруу отрядынан он куткаруучу, министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы жана Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы кечээ жолго чыгып, түнкү бирде жолдун 218-чакырымында түнөп калып, бүгүн кайра жол тартышты. Ушул тапта унаа жол убактылуу жабык. Жол тазалоого эки кар тазалоочу Унимог, Супра жана бир жүктөгүч тартылган. Тоң-Мурун ашуусунда 28 оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат. (AzK)

XS
SM
MD
LG